Салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы барларга кандай чаралар колдонулат

29 апрель 2022 11:32 1434 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Учурда салык органдары салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызды мажбурлап өндүрүү жөнүндө доо арыздарын берүү боюнча толук кандуу иштерди ишке ашырууда. Доо арыздары менен бир эле учурда доо арызын камсыз кылуу тууралуу тиешелүү арыздар берилет.

Салык органдарынын пайдасына чыгарылган сот чечимдери боюнча Кыргыз Республикасынын “Соттук аткаруучунун статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” Мыйзамында каралган механизмдерди колдонуу менен бул чечимдерди мажбурлап аткартуу иштери жүрүп жатат.

Атап айтканда, салык төлөөчүлөргө (камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөргө) карата мажбурлоо чаралары колдонулушу мүмкүн:

  • карызкордун банктардагы жана казыналыктардагы эсептерин, ошондой эле баалуу кагаздарын, мүлкүн камакка алуу;
  • карызкордун Кыргыз Республикасынан чыгуусуна убактылуу тыюу салуу;
  • кыймылдуу же кыймылсыз мүлктү каттоого тыюу салуу;
  • банк операцияларын жүргүзүүгө тыюу салуу;
  • карызкордун аты-жөнүн жана башка паспорттук маалыматтарын алмаштырууга тыюу салуу;
  • лотереялык утуштарды, белектерди, материалдык жардам же мурас катары алынган акча каражаттарын жана/же башка мүлктү жана башкаларды алууга тыюу салуу.

Мындан тышкары, соттордун салык органдарынын пайдасына чыгарылган чечимдери боюнча мамлекеттик алымды төлөө милдети жоопкерге (салык төлөөчүгө) жүктөлөт.

Белгилей кетсек, карызды өндүрүп алуу жөнүндө күчүнө кирген соттук актылар боюнча Кыргыз Республикасынын “Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө” Мыйзамында каралган реструктуризациялоо механизмин колдонуу мүмкүн эмес.

Ушуга байланыштуу Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөрдөн жагымсыз кесепеттерди болтурбоо үчүн салык карыздарын толук көлөмдө өз убагында төлөп берүүсүн өтүнөт.

Ссылка: https://barometr.kg/salyk-zhana-kamsyzdandyruu-tgmdr-boyuncha-karyzy-barlarga-kandaj-charalar-koldonulat



Добавить комментарий