Салык кызматы «Дордой Дыйкан» базарынан 2 миң бөтөлкө контрафакттык алкоголь тартып алды

28 октябрь 2020 11:55 1025 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте күмөндүү акциздик маркалары бар 2 миң 172 бөтөлкө ликер арак ичимдиги тартып алынды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматына таянып "Барометр" билдирет. 

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейддик салык контролунун жүрүшүндө Бишкек шаарындагы «Дордой Дыйкан» базарында контрафакттык алкоголду сатуу фактысын аныкташты.

Жыйынтыгында күмөндүү акциздик маркалары бар 2 миң 172 бөтөлкө ликер арак ичимдиги тартып алынды.

Тартып алынган продукция боюнча материалдар КРын мыйзамына ылайык чара көрүү үчүн Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча Мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилди.


Ссылка: https://barometr.kg/salyk-kyzmaty-dordoj-dyjkan-bazarynan-2-mi-btlk-kontrafakttyk-alkogol-tartyp-aldy



Добавить комментарий