Салтанат Саматованын жаркын элесине арналган кайрымдуулук концерти болот

18 январь 2019 16:34 2204 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Белгилүү алып баруучу Салтанат Саматованын жаркын элесине арналган кайрымдуулук концерти болот. Концерт 4-февралда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясында Бүткүл дүйнөлүк рак күнүнө арналып, рак менен ооруган аялдарды колдоо максатында уюштурулмакчы. Чогулган каражат, фондко которулуп, рак менен жабыркагандардын дарылануусуна жумшалат.

Эске салсак, алып баруучу Салтанат Саматова өмүрүнүн акырына чейин рак илдети менен кабагым кашым дебей жашоону сүйүп, күрөшүп келген. Жабышкан дарттан улам, акыры 2018-жылдын 15-августунда бул дүйнө менен кош айтышкан.


Ссылка: https://barometr.kg/saltanat-samatovanyn-zharkyn-elesine-arnalgan-kajrymduuluk-koncerti-bolot



Добавить комментарий