Кытайдан жалпы суммасы 200 миң АКШ долларын түзгөн кезектеге жардам берилди

13 апрель 2020 09:32 1219 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Саламаттык сактоо министрлигине коронавирус инфекциясы менен күрөшүү үчүн «Алтынкен» ЖЧКсынан гуманитардык жүк тапшырылды. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын Басма сөз кызматы билдирди. 

Иш-чарага вице-премьер-министр Аида Исмаилова, саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь, «Алтынкен» ЖЧКсынын жана «Кыргызалтын» ААКнын жетекчилиги катышты.

Гуманитардык жардам иретинде 5000 даана медициналык көз айнек, 25 000 жуп колкап, 10 000 комплект коргонуу кийимдери, 100 даана портативдик термометр, 50 даана портативдик тепловизор берилди.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова Кытай элине жана «Алтынкен» ЖЧК жетекчилигине республикада жайылган коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүгө көрсөткөн баа жеткис жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Бүгүнкү күнү Кыргызстандын саламаттык сактоо системасы өздүк коргонуу каражаттарына муктаж, алар алдынкы катарда ооруга кабылган жарандардын жанында түздөн-түз жүрүшөт. 200 миң АКШ доллары суммасына Саламаттык сактоо министрлигине медициналык көз айнектер, кол каптар, коргонуу кийимдери, ошондой эле термометр жана тепловизор түрүндө көрсөтүлгөн өз убагында болду. Биз терең ыраазычылык билдиребиз. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Алтынкен» ЖЧКсынын өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кошкон активдүү салымын жогору баалайт», - деди вице-премьер-министр.

Ал элчи Ду Дэвэнге гуманитардык жүктөрдү жеткирүү маселелерин чечүүдөгү жеке жана жигердүү катышуусу үчүн ыраазычылык билдирди.

Кытай элчиси өз кезегинде кытай тарап коронавирус инфекциясы менен биргелешип күрөшүүдө көмөк жана колдоо көрсөтүп турарын белгиледи.

Ссылка: https://barometr.kg/salamattyk-saktoo-ministrligine-altynken-zhchksynan-gumanitardyk-zhk-tapshyryldy



Добавить комментарий