Саламаттык сактоо министрлиги эки кызматкерге коронавирус жукканын билдирди
Саламаттык сактоо министрлиги эки кызматкер коронавирус жуктуруп алганын билдирди. Алардын бири – ыкчам штабга тартылган ведомство алдындагы саламаттык сактоо уюмунун кызматкери. Экинчиси күзөт кызматынын кызматкери.
“Аларда COVID-19 вирусу тастыкталгандан кийин, алар менен байланышта болгон министрликтин бардык кызматкерлеринен анализдер алынды – жыйынтыктары коронавирус жок экенин көрсөттү”, — деп айтылат маалыматта.
Ооруну жуктуруп алгандар обсервацияга алынып, тийиштүү түрдө дарыланууда.
Эскерте кетсек, акыркы маалымат боюнча Кыргызстанда 430 кишиден коронавирус табылган. Анын ичинде 79си дарыгерлер. Илдеттен өлкө боюнча беш киши каза болду.
Ссылка: https://barometr.kg/salamattyk-saktoo-ministrligindegi-eki-kyzmatkerden-koronavirus-tabyldy
Добавить комментарий ×