Саламаттык сактоо министрлиги: коронавирус менен ооругандардын эң жогорку көрсөткүчү апрелдин аягына туура келет

14 апрель 2020 11:03 1897 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда коронавирус менен эң көп ооругандардын саны 20-24-апрелге туура келет. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.

Ал алдын ала божомолдоо оор жана так эмес нерсе экенине токтолду.

“Ошентсе да Кыргызстанда божомолдой турчу топ түзүлгөн. Анын курамына алдыңкы адистер, окумуштуулар, академиялык коомчулук кирген. Дүйнө жүзүндө пандемия тыкыр көзөмөлдө. Биз бардык аракеттерди көрүп жатабыз. Акыркы божомолдор боюнча ооругандардын эң жогорку көрсөткүчү 20-24-апрелге туура келет”, — деди Үсөнбаев.

Ал өз сөзүндө эң жогорку чекке жеткенден кийин төмөндөө болорун билдирди. Министрдин орун басары элди дагы бир жолу киргизилген чектөөлөргө баш ийип, эрежелерде сактоого чакырды.


Соңку маалыматтар боюнча Кыргызстанда 430 кишиге коронавирус жукканы тастыкталды.

Ссылка: https://barometr.kg/salamattyk-saktoo-ministrligi-koronavirus-menen-oorugandardyn-e-zhogorku-krstkch-apreldin-ayagyna-tuura-kelet



Добавить комментарий