Саламаттык сактоо министри пневмония болуп, анын орун басарынан коронавирус аныкталды

10 июль 2020 11:01 1557 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Саламаттык сактоо министри пневмонияга чалдыгып, анын орун басарынан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабка таянып «Барометр» билдирет.

КРнын Саламаттык сактоо министри С. Абдикаримовдун ПЧР-анализи таза чыкты. Ага пневмония диагнозу коюлду. Ал эми анын орун басары Н. Усенбаевден коронавирус аныкталды.

«Алардын абалы орточо оор, канааттандырарлык деп бааланууда. Алар тийиштүү түрдө дарыланып жатат", - деди Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова.

Ссылка: https://barometr.kg/salamattyk-saktoo-ministri-pnevmoniya-bolup-anyn-orun-basarynan-koronavirus-anyktaldy



Добавить комментарий