Кыргызстанга ЕАЭБде иштеген кыргыз жарандары 14 кычкылтек концентратын жөнөттү (Сүрөт)
Евразия экономикалык комиссиясында иштеген Кыргызстандын өкүлдөрү14 даана кычкылтек концентраторун өлкөгө сатып беришти. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Кычкылтек концентраторлору коронавирус инфекциясын дарылоодо өтө маанилүү болуп саналат, ал эми сатып алынган жабдуулар медицина кызматкерлерине коронавирус диагнозу менен оор абалдагы бейтаптардын өмүрүн сактап калууга жардам берет.
"Медициналык жабдууну Евразия экономикалык комиссиясында иштеген Кыргызстандын өкүлдөрү коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүдө мекендештерине жардам көрсөтүү максатында өз каражаттарына сатып алышкан", - деп айтылат маалыматта.
Өткөрүп берилген жабдуулар өлкөнүн медициналык мекемелерине бөлүштүрүлүп, жеткирип берилет.
Ссылка: https://barometr.kg/salamattyk-saktoo-ministirligi-14-daana-kychkyltek-koncentratorun-aldy
Добавить комментарий ×