Сактансаң сактайт: көчөдөн үйгө кайткандан кийин көңүл бурулчу эрежелер

25 март 2020 16:08 1457 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Коронавирустун алдын алуу жана анын жайылышына жол берөө боюнча республикалык штаб көчөдөн кайткандан кийин кандай эрежелерди сактоо керектигин айтты. Ага ылайык:

  • Бут кийимди кире бериште чечүү жана калтыруу;
  • Кир колдор менен эч нерсени кармабоо;
  • Сырткы кийимди кире бериште калтыруу;
  • Эгерде сиз үй жаныбарыӊыз менен сейилдеп келсеӊиз, анын тамандарын да тазалаӊыз;
  • Ачкыч жана капчыкты өзүнчө текчеге же кутуга коюӊуз;
  • Душка түшүп же денеӊиздин ачык бөлүктөрүн жууӊуз;
  • Уюлдук телефонуӊузду жана көз айнегиӊизди курамында спирт бар каражат менен тазалап сүртүӊүз;
  • Бир жолу колдонула турчу кол каптар менен беткаптарды кескилеп, капкагы менен жабыла турган кутуга ыргытыӊыз.

Акыркы маалымат боюнча Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 44кө жетти.

Ссылка: https://barometr.kg/saktansa-saktajt-kchdn-jg-kajtkandan-kijin-kl-burulchu-erezheler



Добавить комментарий