Сахалинде жээкте селфи жасап жаткан кызды деңиз агызып кетип, каза болду (видео)

10 сентябрь 2020 16:59 1235 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сахалдин түштүгүндөгү Холмск шаарында бороондуу аба ырайы учурунда деңиздин жээгинен селфи жасап жаткан 16 жаштагы кыз агып кетти. Бул тууралуу 10-сентябрда ТАСС агенттиги жазган маалыматка шилтеме берип «Барометр» билдирет.

Окуя кечээ кечинде, Холмск шаарындагы Приморский бульварында болгон.

Куткаруучулар жана укук коргоо кызматкерлери дароо эле келген. Жергиликтүү тургундардын жардамы менен алар кызды жээкке чыгарышкан. Куткаруучулардын жана дарыгерлердин жандандыруу аракети кызды сактап кала алган эмес.

Болгон окуяны жээктеги күбөлөр видеого тартып алып, интернетке чыгарып жиберишкен. Интернет колдонуучулар арасында резонанс жараткан видео алдына көптөгөн комментарийлерде жергиликтүү бийликтин шалаакылыгынын айынан деп айыптоодо. Алар пирстин тегерегин королоону талап кыла башташты.

Июнь айында Анапанын жанындагы Сукко айылына жакын жерде эки адамды үйлөмө төшөктө сүзүп жүрүп деңизге агып кетишкен. Аларды издөө үчүн Ми-8 тик учагы колдонулган.


Ссылка: https://barometr.kg/sahalinde-zheekte-selfi-zhasap-zhatkan-kyzdy-deiz-agyzyp-ketip-kaza-boldu-video



Добавить комментарий