Сахалин областында кыргызстандык Азатбек Алимбек уулун издеп жатышат
Россиянын Сахалин областында 1991-жылы туулган Кыргызстандын жараны Азатбек Алимбек уулунун жоголгондугуна байланыштуу Россиянын Кылмыш кодексинин 105-беренесинде каралаган (киши өлтүрүү) белгилер боюнча кылмыш иши козголду.
Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө Алимбек уулу Азатбек 19-июлдан 20-июлга караган түнү мамлекеттик номери А 801 ЕМ 14 болгон «Тойота Марк 2» унаасы менен жүргүнчү салып кетип ошол боюнча кайтып келген эмес. Азыркы кезге чейин кайда жүргөнү белгисиз.
Тааныштары жана туугандары анын кайда экенин билбейт. Алимбек уулу Азатбек ошол күнү кара футболка, ачык көк түстөгү бриджи, ак түстүү кроссовка кийип жүргөн.
Белгилери бою 160-170 см, көздөрү күрөң, денеси олбурлуу, чачтары түз.
Ссылка: https://barometr.kg/sahalin-oblastynda-kyrgyzstandyk-azatbek-alimbek-uulun-izdep-zhatyshat
Добавить комментарий ×