Садыр Жапаровдун бошотулушун талап кылып митингге чогулгандар тарабай жатат

2 март 2020 17:50 633 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында митингчилер тарабай жатат.

Буга чейин экс-депутат Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаров митингге чыккандардын өкүлдөрүнө президенттин аппараты үч күндөн кийин жооп берерин айтып, чогулгандарды тароого чакырган болчу.

Бирок митингдин айрым катышуучулары мындай сунушка көнбөй, Жапаров эркиндикке чыкмайынча тарабай турганын айтышууда.

Саат 13:00дө башталган тынчтык митинг дагы деле уланып жатат. Учурда саат 18:00гө чамалап калды.

Учурда Бишкекте Садыр Жапаровду колдогон митинг өтүп жатат. Буга чейин Жапаров өзү аны колдоп митингге чыкпоого чакырган болчу.

Буга чейин ИИМ митинг учурунда эреже бузгандарга катаал чаралар көрүлө турганын эскерткен.

Мурдагы депутат жаза мөөнөтүн Аламүдүн районундагы Молдовановка айылындагы №1 абакта өтөп жатат. Ал массалык баш аламандык уюштуруу жана кишилерди барымтага алган деп айыпталып, 11 жыл 6 айге эркинен ажыратылган.

Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparovdun-boshotulushun-talap-kylyp-mitingge-chogulgandar-tarabaj-zhatat



Добавить комментарий