Садык Шер-Нияз: вице-премьер менен министрдин кетип жатышы өкмөттүн чоң ката кетиргенинин белгиси
Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз өкмөттөн вице-премьер Алтынай Өмүрбекова менен саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин кызматтан кетишин өкмөттүн кетирген каталарын моюндоо деп баалады.
“Бүгүнкү күндө өкмөткө сөз көбөйүп бара жатат. Өкмөт дагы мойнуна алганын көрүп жатабыз. Анткени вице-премьер менен саламаттык сактоо министринин иштен кетиши бул чоң ката кетиргендин белгиси болуп саналат. Ошол нерселерди биз көрүп жатабыз. Бүгүн парламенттик республика деп аталган Кыргызстанда кээ бир депутаттар жолдон өтө албай калып, айланып өтмө жолдор менен өтүп келип жыйынга катышканы бул парадоксиалдуу көрүнүш. Көптөгөн убада ордунан чыкпай жатат. Эгер майда убаданы сактай албасак, чоң убадаларды деги эле аткара албайбыз. Мисалы маскалар тууралуу сөз болгон. 20 чарчы сантиметрлик кездемелер 17 сомдон 50 сомго чейин сатылып жатат. Кезинде анын баасы 10 сомдон жогору болбойт деген убаларды укканбыз”, — деди ал.
Шер-Нияз андан сырткары эртең ундан баасы, нандын баасы канча болору так эмес экенин, эгер күнүмдүк керектеле турчу азык-түлүктүн баасы жогорулап кете турган болсо өлкөдө туруксуздук орун аларын кошумчалады.
“Өкмөттүн 15 күндөн кийин эмне болот, бир айдан, эки айдан кийин эмне болорун ачык айкын көрсөтө турчу планын көрбөй жатабыз. Ага кошумча көз карандысыз ЖМКларга чектөө салуу бул болуп көрбөгөн көрүнүш. Ооруну биз биринчи кезекте маалымат менен жеңебиз. Ошол маалымат болгону үчүн башка мамлекеттер карантин киргизилип, элин сактай алды. Эгер маалымат Кыргызстанга жетпесе эмне болмок эле? Биз көз карандысыз ЖМКга чектөөнү көрүп жатабыз, ошону айттык. Өкмөт тезинен чечкиндүү чараларды көрөт деп ойлойбуз”, — деди депутат.
Эл өкүлү учурда Кыргызстандын элинин 98 пайзы үйүндө отурганын, андыктан алар ар тараптуу маалымат алышы керектигине токтолду. Эгер кишилер маалымат албаса депрессия болорун белгиледи.
“Ооруну дары менен эмес, ооруну ишеним менен жеңет. Аны руханий күчтөр менен жеңет. Эң биринчи ооруга шыпаа бул жакшы сөз, ачык айрым маалымат. Бүт нерсени билип турушубуз керек. Маалымат бизге аба менен суудай керек”, — деди Шер-Нияз.
Добавить комментарий ×