Садык Шер-Нияз мандатын тапшырып, Текебаевге ордун бошотуп берди

13 октябрь 2020 11:37 1025 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаты Садык Шер-Нияз мандатын тапшырды. Бул тууралуу анын фейсбук баракчасына калтырган видео кайрылуусуна шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Бүгүн мен депутаттык мандатымды тапшырганы бара жатам. Бул чечимди үй-бүлөм да колдоду. Эл өкүлү катары эмне уттум жана эмнени уттурганым тууралуу айта кетейин. Менин уттурганым каржы жагынан болду. Элге берген убадаларды аткарыш үчүн Бишкек шаарынын чок ортосундагы үйүмдү саттым. Ал эми утканым болсо, мыкты досторду күтүп, кыйын инсандар менен баарлашып, бирге иштешкеним болду. Саясатка кийин башкача жол менен келем. Кыйын кырдаалда сатпай турган, жылт этип мансап көрүнсө баарын садага чаппаган, топ түзүлгөндө келем. Мен мандатымды тапшыруумдун себеби өзүңүздөр билесиздер, БШК “Ата Мекен” партиясынан бирөө орун бошотуп берсе Өмүрбек Текебаевге депутаттык мандатын кайтарып беребиз деп айтканын. Ошондуктан ушундай кыйын кырдаалда Текебаев саясатка кайтыш керек, ал киши азыр өлкө үчүн керек деген ойдо ордумду бошотуп бердим. Текебаев өлкөнүн мыйзам талаасына кайтып келүүсүнө, стабилдүүлүктү орнотууга зор салымын кошот деп ишенемин”, -деген кайрылуу калтырды.



Ссылка: https://barometr.kg/sadyk-sher-niyaz-mandatyn-tapshyryp-tekebaevge-ordun-boshotup-berdi



Добавить комментарий