Садык Шер-Нияз: Байыркы кыргыз жазууларына эстелик орнотуп, ачылышын жасаганы турабыз

23 март 2021 18:03 1680 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Саясатчы Садык Шер-Нияз байыркы кыргыз жазууларына эстелик орнотту. Бул тууралуу анын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, эстеликтин ачылыш аземи 25-март күнү болот.  

“Бизде дагы бир жаңылык. Он жылдар бою көксөгөн бир арманым байыркы кыргыз жазууларына эстелик койсом дечи элем. Ошол тилегибиз буйруса ишке ашканы турат. Чүйдүн Ачекей айлына атайын аянт курдук, кыргыз оймосун келтирдик, Кытайдан уста алдырдык, кынаптап мыкты салдырдык.

Чок ортосуна Казактандан алып келип таш койдук, анын үстүнө алтын кызыбыз Тамила Маматова укмуш кылып скульптурасын орнотту.

Кыскасы, кызык алдыда 25 мартта саат 11:00дө келип ачылышына катышып кеткиле. Аземди Асылбек акын алып бара турган болду.

Тарыхчыларды Кадыраалы Коңкобаев менен Кыяз Молдокасымов баштап келет. Журналистерди Ибрагим Нуракун уулу менен Шайырбек Абдырахманов тосуп алат.

Өмүрбек Текебаев баштаган саясатчыларды өзүм тосом. Маданият министри да катышам деди буйруса.

Колдо барын жеп тойобуз. Жетпей калганына боорсок менен чай, таарынганына сары май койобуз.

Жалпы баарын Мирлан Самыйкожо башкарат, Азамат Болгонбаев акимчилик жумушту аткарат.

Президентке да айттырайын дедим бирок, кеч болуп калды го, эгер бул кабарды укса администрациядан бирөө келип кетээр.

Негизгиси кыргыз цивилизациясынын башаты, ата-бабабыздын мурасы алтын тамгаларды өлбөс-өчпөс кылып, сактоо аракети. Баарыңарды баладай күтөм”, - деп жазды Садык Шер-Нияз.

Ссылка: https://barometr.kg/sadyk-sher-niyaz-bajyrky-kyrgyz-zhazuularyna-estelik-ornotup-achylyshyn-zhasagany-turabyz



Добавить комментарий