iPhone 15 телефонунун презентациясы качан болору маалым болду

4 август 2023 14:13 1428 Barometr
Бөлүшүү:
ok

АКШда 13-сентябрда iPhone 15 телефонунун презентациясы болот. Бул тууралуу 3-августта 9to5mac порталы жеке булактарга таянуу менен билдирген маалыматка шилтеме берип “Барометр”  билдирет. 

Алдын ала белгилүү болгондой, iPhone 15 телефону жаңы дизайнда чыгышы күтүлүүдө. Анын бир аз ийилген четтери жана дисплейдин айланасында ичке жээкчелери болот.   
Ошондой эле смартфондордо заряддагычка туташтыргыч өзгөрөт. Lightning кабелинин ордуна USB-C кабели колдонулат.     

Эгерде Apple 13-сентябрда жаңы iPhone 15 телефондорун сунуштаса, анда смартфондорго алдын ала буйрутмалар жума күнү, 15-сентябрдан тарта бериле баштайт.     
Бул учурда расмий сатуунун башталышы бир жумадан кийин, 22-сентябрда белгиленет, дейт басылма.       

iPhone 14 2022-жылдын 7-сентябрында көрсөтүлүп, алдын ала буйрутмалар эки күндөн кийин алына баштаган. Дүкөндөрдө расмий чыгарылыш 16-сентябрда башталган.         

Буга чейин, 26-июлда Barclays аналитиги Тим Лонг iPhone 15 моделдеринин баасын болжолдогон. Анын эсептөөлөрү боюнча Pro жана Pro Max мурункуга         караганда 100-200 долларга кымбаттайт. Ал ошондой эле iPhone 15 жана iPhone 15 Plus телефондорунун баалары          799 жана 899 доллардын тегерегинде болот деп божомолдогон.  
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 


Ссылка: https://barometr.kg/iphone-15-telefonunun-prezentaciyasy-kachan-boloru-maalym-boldu



Добавить комментарий