Сабырбек Жумабеков: Катар өлкөсү 9 кабатуу заманбап оорукананын курулушуна каражат бөлүп берет
Бишкек шаарындагы травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаңы заманбап 9 кабаттан турган имарат салынат. Каражатты Катар мамлекети бөлүп берет. Бул тууралуу аталган борбордун башкы директору, академик Сабырбек Жумабековдун соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“Урматтуу достор!
Бизде жакшы кабар бар. Көптөн бери аракет кылган мээнетибиздин акыбети кайтты.
Кече, 15-мартта Катар мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайити мырза менен жолугушуу өткөрдүк. Жолугушуу учурунда элчи мырза Катар мамлекетинин өкмөтү Бишкек травматология жана ортопедия борборунун жаңы тогуз кабаттуу, заманбап технологиялар менен жабдууланган имаратынын курулушуна каражат бөлүп берерин айтты.
Элчи мырза заманбап имараттын курулушуна багытталган 9 миллион 240 миң АКШ доллар бөлүнгөнүн билдирди. Бөлүнгөн каражат 100% грант түрүндө берилет. Кредит эмес, кайтарбайбыз.
Ошондой эле, жолугушуу учурунда элчи мырза борбордогу имарат салына турган жерди көрүп, курулуш иштери тез башталса абдан жакшы болоорун билдирди. Катар тарап каржылоого толугу менен даяр экенин айтып кетти.
Биздин өтүнүч менен тендер маселеси элчилик тарабынан өткөрүлүп, курулуштун аягына чейин өздөрү тологу менен көзөмөлгө алыша турган болду.
Жер, документ жана кагаз иштери мээрия тарабынан чечилмей болду. Документтер канчалык эртерек бүтсө, ошончолук курулуш эрте башталат”, - деп жазды Жумабеков.
Добавить комментарий ×