Эки жаранды мыкаачылыксабагандар 10 жылга эркинен ажыратышылы мүмкүн

6 сентябрь 2019 13:25 4520 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарынын Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде (Жал кичи району) эки адамды катуу сабаган шектүүлөр бир туугандар экени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда ШИИБдин Тергөө кызматынын башчысы Нурлан Утемисов билдирди.

Анын айтымында, кармалган бир туугандар адам өлтүрүүгө аракет кылууга шектелип жатат.

«Мындай кылмыш үчүн 10 жылдан баштап өмүр бою эркинен ажыратуу менен жазаланышы мүмкүн», - деди ал.

Эки адамды катуу сабаган шектүүлөр кармалганын бүгүн, 6-сентябрда ШИИБдин басма сөз кызматы билдирген.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери шектүүлөрдүн изине түшкөн. 1985-жылы туулган Бапышов Жаныбек Сейитбекович менен 1999-жылы туулган Сейитбеков Калысбек Сейитбекович Кыргызстандын аймагында колго түштү. Алар ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кошумча тергөө иштери жүрүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/sabagan-zharandar-10-zhylga-erkinen-azhyratyshyly-mmkn



Добавить комментарий