Саакашвили Украинанын премьер-министри болууга макулдугун берди

24 апрель 2020 16:18 2454 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Грузиянын мурдагы президенти жана Одесса облусунун экс-губернатору Михаил Саакашвили Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин премьер-министр болуу сунушуна макул болду. Ал бул тууралуу “Слуга народа” фракциясынын депутаттары менен болгон жолгушууда билдирди.

Азырынча Саакашвилини бул кызматка дайындоо боюнча расмий буйрук чыга элек, ошентсе да грузин саясатчысы кызматына киришти. Ал алгачкы иши катары Дүйнөлүк валюта фонду менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

“Президент мага Дүйнөлүк валюта фонду жана эл аралык финансы уюмдары менен сүйлөшүүлөрдү баштоону тапшырды. Украина азыркыдан да көп жардам алышы керек”, — деди Саакавшили.

Ал өз сөзүндө Украинага экономикалык цунами келе турганын, андыктан ал вице-премьер катары өлкөнүн экономикасын сактап калуу үчүн ойго келбеген кадамдарга барарын билдирди.

Эске салсак, Саакашвили Украинанын мурдагы президенти Петр Порошенко тарабынан Незалежная аймагынан ызы-чуу менен кетирилген. Ага чейин анын Украинанын паспортун тартып алышып, чек ара кызматы аны өлкөгө 2021-жылга чейин кирүүгө тыюу салган. Саакавшили Зеленский бийлекке келгенден кийин анын жүргүзүп жаткан саясатына карата симпатиясы бар экенин айтып, Украинанын жараны макамын кайтарып берүүнү суранган. Анын бул суранычы 2019-жылы 28-майда канааттандырылган.

Ссылка: https://barometr.kg/saakashvili-ukrainanyn-premer-ministri-boluuga-makuldugun-berdi



Добавить комментарий