Румыниялык ырчы Анка Поп жеке унаасы менен дарыяга чөгүп каза болду

19 декабрь 2018 21:35 1549 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Канада - Румыниялык ырчы Анка Поп жеке авто унаасы менен Дунай дарыясына чөгүп кетти. Бул тууралуу New York Dailyга шилтеме берип "Факты" басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Анка 16-декабрь күнү боло турган үй-бүлөлүк тамактанууга келбей калган. Милиция кызматкерлерине ырчынын эжеси кабарлаган. Маалымат келип түшөөрү менен милиция кызматкерлери издөөгө алышкан. Дунай дарыясынын түбүнөн Поптун жансыз денесин жана унаасын суучулар алып чыгышкан.

Бул окуяны көпчүлүк күтүүсүз кырсык деп кабыл алышканына карабай ыкчам иликтөө иштери жүрүп жаткандыгы маалым болду.

Эске салсак, Анка Поп алгачкы альбомун 2012-жылы жаздырган. Андан кийин тездик менен элге таанылууга жетишкен. Ал Японияда да абдан белгилүү ырчылардын бири болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/rumyniyalyk-yrchy-anka-pop-zheke-unaasy-menen-daryyaga-chgp-kaza-boldu



Добавить комментарий