Өрт өчүргүч капысынан 8,2 миллион долларлуу болуп, кайра андан айрылды
Бөлүшүү:
Американын Нью-Чикаго шаарында өрт өчүргүч болуп иштеген Чарльз Калвин банк эсебин текшергенде анда 8,2 миллион доллар бар экенин билген.
11-апрелде ал кызматкерлерди колдоо үчүн 1,7 миң доллар түшүп-түшпөгөнүн билүү үчүн банкоматка барып, андан 200 доллар алган. Берилген чектен анын эсебинде 8,2 миллион доллар бар экенин билген. Ал көргөн көзүнө ишенбей, картасын кайта-кайта салып текшерип чындап эле 8,2 миллион доллар бар экенине ынанган.
Бирок 13-апрелде банктан чалып, анын эсебине катачылык кетип, 8,2 миллион доллар которулуп калганын кабарлашкан.
Ссылка: https://barometr.kg/rt-chrgch-kapysynan-82-million-dollarluu-bolup-kajta-andan-ajryldy
Добавить комментарий ×