"РСК Банк" акча которуудагы жаңы бекер кызматтарды тартуулайт

21 июнь 2018 19:00 1094 Barometr
Бөлүшүү:
ok

"РСК Банк" ААКу «Кыргыз Трансфер» акча которуу системасы менен SMS-билдирүү бекер кызматын тартуулайт. 

Мындан кийин кардарлар Кыргызстан ичинде акча которууларда алуучуга узун сандагы кодду айтуунун ордуна телефон номерин берип коюу жетиштүү. Алуучунун уюлдук номерине келген смс-билдирүү аркылуу кардарлар банктын Кыргызстандагы бардык филиалдарынан алса болот. 

«Кыргыз Трансфер»- Кыргызстандагы эң арзан жана тез  акча которуу жолу болуп эсептелет.

Артыкчылыктары:

  • Банктык эсепти ачуунун кереги жок
  • Эң төмөн проценттеги кызмат көрсөтүүлөр-болгону 0,1% (50 сом)
  • Кыргызстандын бардык аймактарынан алса болот
  • Акча которуудагы суммасы чектелбейт
  • Которуу валютасы: Кыргыз сому, АКШ доллары, евро жана Россия рубли.        

Акча которуу РСК Банктын бардык филиалдарынан жүргүзүлөт. Кардардын жанында паспорту болушу шарт, бланкты толтуруу жана накталай сумманы кассага төгүү.                   Которулган акчаны алуу РСК Банктын Кыргызстандын аймагындагы бардык филиалдарында жүргүзүлөт. Алуучу бланкка кол коюп, паспортун көрсөтүп, кассадан алат.              Эскертүү: Акча которууда алуучу кардардан комиссия алынбайт. 

«Кыргыз Трансфер»- эң бат, ыңгайлуу жана кеңири жайылган акча которуу системасы!

Биз ар дайым сиздердин кызматыңыздардабыз!

Бардык суроолор боюнча күнү-түнү:   0312/0706/0552 911 111 номерлери аркылуу кайрылыңыздар. 

Ссылка: https://barometr.kg/rsk-bank-akcha-kotoruudagy-zhay-beker-kyzmattardy-tartuulajt



Добавить комментарий