Кытайдан келген дарыгерлер кыргызстандыктардын көзүнө акысыз операция жасап берет

1 август 2023 15:03 994 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кытайдан келген дарыгерлер кыргызстандыктардын көзүнө бекер операция жасайт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, каттоо 7-августта башталат.

Бишкекте Кытайдан келген офтальмологдор акысыз негизде катаракта дартына текшерүү жана операцияларды жасашат.

Маалыматка ылайык, алдын ала текшерүү жана бейтаптарды каттоо Тоголок Молдо 1/7 дареги боюнча (Улуттук госпиталдын мобилдик клиникасы) 7-августтан 8-сентябрга чейин саат 09:00дөн 16:00гө чейин жүргүзүлөт (дүйшөмбүдөн жумага чейин).

Бейтаптардын жанында сөзсүз түрдө өздүгүн тастыктаган документ, маалымкаттар (пенсия, майыптыгы, баатыр эне тууралуу ж.б. күбөлүгү) болушу керек.

Байланыш үчүн телефон: 0990800483

Ссылка: https://barometr.kg/kytajdan-kelgen-darygerler-kyrgyzstandyktardyn-kzn-akysyz-operaciya-zhasap-beret



Добавить комментарий