Россиянын полициясы Кыргызстанда туулган үч жаранга издөө жарыялады

20 октябрь 2021 09:51 1695 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россиянын Ички иштер министрлигинин Самара областы боюнча «Якутское» муниципалдык аралык башкармалыгынын кызматкерлери бир катар кылмыштарга шектүүлөргө издөө жарыялады. Бул тууралуу полициянын сайтына шилтеме кылуу менен “Барометр” маалымдайт.

Кечээ, 19-октябрдагы жарыяга ылайык төмөнкү жарандар изделүүдө:

 - Мамажанов Хожи Хотамжонович, 1993-жылы Кыргызстанда туулган. Россиянын Кылмыш кодексинин 264.1-беренеси-(мурда соттолгон же болбосо административдик жазага тартылган, мас абалда болгон тараптын унаа башкаруусу) боюнча шектелүүдө;

- Маматкадиров Иброхимжон, 1995-жлы Ош шаарында туулган, соттон жашырынып жүрөт. Ал Россиянын Кылмыш кодексинин 327-беренеси- (документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү жана бланктарды жасалма жасоо) боюнча шектелип жатат;

- Азимжанов Мухаммадбобур Боходиржонович, 1996-жылы Ош шаарында туулган, соттон жашырынып жүрөт. Ал Россиянын Кылмыш кодексинин 327-беренеси-(документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү жана бланктарды жасалма жасоо) боюнча шектелип жатат. 

Ссылка: https://barometr.kg/rossiyanyn-policiyasy-kyrgyzstanda-tuulgan-ch-zharanga-izd-zharyyalady



Добавить комментарий