Россиянын элчилигинин алдына митингге чыккан жаранды жубайы менен кармап кетишти

28 март 2019 12:00 1190 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратынын алдында милиция кызматкерлери жарандык активист Нурлан Карымшаков жана анын жубайын кармап кетишти. Бул тууралуу социалдык булактарга анын уулу кабарлады.

Анын айтымында, атасын кармап кеткенден кийин укук коргоо кызматкерлери алардын квратирасына тинтүү жүргүзүшкөн.

“Ата-энемди украиналдык  улутчулдарга байланыштырышууда”,-деп билдирди ал.

Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун директору Нурлан Сулайманов активистти жана анын жубайын кармоо боюнча кенеирээк маалымат берди.

Сулаймановдун айтымында, жубайларды 27-мартта саат 8:45те кармашкан.

“Аларга жактоочу дагы беришкен эмес”,-деп айтты Сулайманов.

Эскерте кетсек, бүгүн 28-мартта Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик иш сапар менен келди.

 

Ссылка: https://barometr.kg/rossiyanyn-elchiliginin-aldyna-mitingge-chykkan-zharandy-zhubajy-menen-karmap-ketishti



Добавить комментарий