Кара тизмеде турган 47 миң кыргыз жаранына карата «миграциялык мунапыс» жарыяланды

27 июль 2022 11:00 2907 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россия Федерациясына кирүү үчүн кара тизмеге кирип калган 47 миң кыргыз жаранына мунапыс жарыяланды. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин алты айдын жыйынтыгы боюнча отчет берип жаткан учурда билдирген маалыматына таянып "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, 47 миң кыргыз жаранына карата «миграциялык мунапыс» жарыялоо чечими кабыл алынган.

Эскерте кетсек, 2021-жылы Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Орусия 74 миң кыргызстандык жаранга кирүүгө тыюу салганын билдирген. Мекеме алардын көбүнө мындай чечимди сот чыгарганын маалымдаган.

Ссылка: https://barometr.kg/rossiyaga-kirg-kara-tizmede-turgan-47-mi-kyrgyz-zharanyna-karata-migraciyalyk-munapys-zharyyalandy



Добавить комментарий