Россиядан коронавируска каршы дарыны сатып алуу үчүн сүйлөшүүлөр жүрүүдө

10 июль 2020 16:00 672 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россиядан коронавируска каршы дарыны сатып алуу үчүн сүйлөшүү жүрүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин өкүлү Айнура Акматовага шилтеме берип «Барометр» билдирет.

Бир жума мурун Россиядан келген делегация менен «Авифавир» дарысы тууралуу талкуу жүргөн.

«Кыргызстандын профессорлору, кандидаттары, докторлору топтолгон экспреттик-консултанттык топ дагы аталган дарыны сатып алуу боюнча суроону талкуулап жатат. Министрлик Россия менен сүйлөшүү жүргүзүүдө», — деди Акматова.

Россия коноравируска каршы дары катары «Авифавирди» сунуштайт.

Белгилей кетсек, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен коңшу Казакстан аталган дары-дармекти сатып ала баштады.

Ссылка: https://barometr.kg/rossiyadan-koronaviruska-karshy-daryny-satyp-aluu-chn-sjlshlr-zhrd



Добавить комментарий