Россиядан келген 23 кыргыз дарыгери Улуттук госпиталда иштешет
Россиядагы кыргыз дарыгерлер өз ыктыяры менен Бишкекке учуп келишим, эми Улуттук госпиталда иштешет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басарынын сөзүнө таянып «Барометр» билдирет.
Маалыматка ылайык, Россияда дарыгер болуп иштеген кыргыздар оор учурда мекенине жардам бергени 23 дарыгер атайын рейс менен Бишкекке учуп келишти. Улуттук госпиталга пневмонияга чалдыккандарга даярдалган 200 орундуу жерде учуп келген медиктер кызмат көрсөтүшөт.
“Негизги жумушу башка өлкөдө болсо да кайдыгер карабай, Кыргызстандагы абалды түшүнүп жардам берели деп келишти. Аларга ыраазчылык билдирем”, — деди Мадамидин Каратаев.
Ошондой эле ал, мындан сырткары, 106 медицина кызматкери өлкөнүн ар кайсы аймагынан чогулуп, учурда борбордогу абалды жөнгө салуу үчүн кесиптештерине жардам бергени келип болгон аракетти көрүшүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/rossiyadan-kelgen-23-kyrgyz-darygeri-uluttuk-gospitalda-ishteshet
Добавить комментарий ×