Екатеринбургдагы кыргыз-тажик мушташынын себеби кыздар болду (Видео)
Россиядагы массалык мушташта кыргыз жаранын тажик улутунун тургуну өлтүрүп салды деген маалымат, чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Жакында социалдык тармактарда Екатеринбург шаарындагы кыргыздар менен тажиктер мушташып жаткан видео жайылган.
Анда «WhatsApp» социалдык тармагында кыргыз жаштары тарабынан тажиктер кыргыз баланы өлтүрүп салды деген жалган маалыматтар тараган.
КРнын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча 19-июлда Екатеринбург шаарынын райондорунун биринде кыргыз жана тажик улутундагы жаштар мушташкан. Бул чыр-чатак кыргыз улутундагы кызга тажик улутундагы балдар тийишип койгондуктан келип чыгып, ар бир тараптан 10-15тей адам катышкан. Алардын көбү РФдин жарандары.
Ошондой эле, кыргыздардын жана тажиктердин коомдук диаспоралык уюмдарынын мүчөлөрү менен активисттер тартылган. Аталган чыр-чатактан эки тараптан тең жаракат алгандар бар.
Россиянын ИИМдин аймактык бөлүктөрү тарабынан бул факты расмий катталып, азыркы учурда полициянын кезметтери күчөтүлүп, кайгулдоо жүргүзүлүүдө.
Массалык кагылышууну болтурбоо үчүн эки элдин коомдук уюмдарынын өкүлдөрү ортосунда жыйын өткөн .
“Россиянын ИИМдин Екатеринбург шаары боюнча башкармалыгынын полициясынын 11-бөлүмү тарабынан катталган материал боюнча алдын ала текшерүү иштери жүрүп жатат жана анын жыйынтыгы менен тиешелүү чаралар кабыл алынат»,- деп айтылат маалыматта.
Андан соң, ошол эле күнү кыргыздар тарабынан «WhatsApp» мессенджери аркылуу агрессивдүү маанайдагы адамдар өз мекендештерин болуп өткөн чыр-чатакты күч менен чечүүгө чакырып, анын жыйынтыгы менен 30-40 кыргыздар менен андан эки эсе көп тажиктер топтолгон видео тараган. Бул окуя күбөлөр жана мушташка катышкандар тарабынан видеого тартылып алынып, ал россиялык ЖМК аркылуу тарап, эки кыргыз жабыр тартканы жана алардын абалы канаттандыраарлык экендиги айтылат.
Ошондой эле, кайра «WhatsApp» мессенджерин колдонгон кыргыздар чыр-чатактан эки кыргыз өлтүрүлгөнү жана аларга кайра күч колдонуу менен жооп берүү үчүн 22-июлда чогулууга чакырышкан видео тараган.
Жогоруда боло турган чыр-чатак Екатеринбург шаарынын укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан алдын алынып, бардыгы кармалган.
Азыркы учурда топтолгон материалдар боюнча россиянын ИИМдин Екатеринбург шаары боюнча кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. КР ИИМдин РФдеги өкүлчүлүгү мекендештерин мессенджер жана социалдык тармактар аркылуу жалган маалыматтарды, анын ичинде улуттук маселелерге тиешелүү маалыматтарды кылмыш жоопкерчилигине тартылып калбоо үчүн таратуудан алыс болууга чакырат.
Ссылка: https://barometr.kg/rossiyadagy-kyrgyz-klchlg-mekendeshterdi-yntymaka-chakyrat
Добавить комментарий ×