Россиядагы фармкомпаниянын складында кыргызстандыктын сөөгү табылды
Подмосковьедеги «ЦентрСервис» фармацевтикалык компаниясында эки эркектин сөөгү табылды. Бул тууралуу Россиянын Ички иштер министрлигинин Москва областы боюнча башкы башкармалыгына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.
Полицияга бул тууралуу маалымат 19-июлда саат 16:50дө түшкөн. 1981-жылы туулган Лилиана Чоту деген адамдын сөөгүнөн бир нече жаракаттарды табышты. Аны көкүрөккө жана ичке беш жолу учтуу нерсе менен сайышкан, бетинин сол тарабы, моюну кесилген.
Дагы бир каза тапкан, 1965-жылы туулган Атынбек Айбашов Кыргызстанда туулган жаран экени белгилүү болду, ал өзүнүн жанын кыйган. Жанында суидцидке барар алдында каракалпак тилинде жазылган кат табылды.
Ссылка: https://barometr.kg/rossiyadagy-farmkompaniyanyn-skladynda-kyrgyzstandyktyn-sg-tabyldy
Добавить комментарий ×