Россияда мүрзө казгандардын арасында конкурс өткөрүлдү
Россияда коронавирустан каза тапкандардын көрсөткүчү рекорддук санга жетип жаткан учурда, өлкөдө мүрзө казгандардын арасында конкурс уюштурушту. Бул тууралуу “Комсомольская правда” булагына таянуу менен “Барометр” билдирет.
Россия коронавирустан каза тапкандардын саны боюнча биринчи орунга чыкты. 28-октябрда эле бир суткада 1 163 адам көз жумду.
Пандемия башталгандан бери 236 220 россиялык аталган оорудан каза тапты.
Бул арада Бурятияда мүрзө казгандардын арасында конкурс өткөрүштү. Анын максаты аталган жумуштун канчалык оор ошол эле маалда алмаштыргыс жумуш экенин көрсөтүү болгон.Эң эле тез казган жана туура казган адамга акчалай сыйлык берип, ыраазычылык кат тапшырышты.
Россиялыктар бул конкурс боюнча социалдык түйүндөрдө кызуу талкуулашты.
Ссылка: https://barometr.kg/rossiyada-mrz-kazgandardyn-arasynda-konkurs-tkrld
Добавить комментарий ×