Казакстанда - 20 градус суук болушу күтүлүүдө
Казакстанда аба ырайын алдын ала болжолдоочулар 2-3-4-ноябрда аба ырайы кандай болорун маалымдашты.Бул тууралуу Казакстандын ЖМКларына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.
Казгидрометтин берген маалыматына таянсак, атмосфералык фронттордун келиши менен Казакстандын көп аймагында аба ырайы туруксуз болот. Жаан-чачындын арты карга айланат, катуу шамал болуп, туман түшүп, жолдор тайгак болот.
“Түштүк жана түштүк чыгышта катуу жаан-чачын жаайт. Муздак түндүк-батыш циклону келип жатканына байланыштуу жаан-чачындын арты температуранын абдан төмөндөшүнө алып келет. Түндүк батышта абанын жылуудугу -15 градуска, ал эми чыгышта -20 градуска, түштүктө -13 градуска, түштүк-чыгышта -16 градуска чейин ылдыйлайт”,-деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, аба ырайын алдын ала болжолдоочулар кыштын суук болорун маалымдашууда.
Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanda-20-gradus-suuk-bolushu-ktld
Добавить комментарий ×