Россияда мигранттарга болгон мамиле катаалдады. Буга эмне себеп болууда?
Өзбекстандын жараны Нижний Новгород облусунда бир үй-бүлөнү өлтүрүлгө шектелип кармалгандан кийин, Россия кайрадан эмгек мигранттарына каттаал чараларды кодоно баштады. Бул тууралуу мигранттарга жардам берүүчү "Тонг Жахони" коммерциялык эмес уюмунун башчысы Валентина Чупиктин соцтармакка жарыялаган маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Анын айтымында, мигранттарга болгон мындай катаал мамиле өлкөдөгү жумушчу күчтүн чоң тартыштыгын жаратат.
“Мына, быйыл пандемияга байланыштуу чек-аралардын жабылышанан улам мигранттар жок эмне болду өлкөдө. Көчөлөрдө карлар күрөлбөй, таштандылар жыйналбай, супермаркеттерде товарлар башаламан туруп, эмгек күчүнүн жоктугу дароо байкалды”, - деди Чупик.
Анын айтымында, 18-25 жаштагы эркектер мигранттардын басымдуу бөлүгүн түзөт.
«45 жана андан жогорку жаштагы мигранттар кыйла аз. Россияга ким барат? Бул жакка үйлөнүшү керек болгон балдар келишет. Үй-бүлө күтүш үчүн батир, унаа жана жер тилкесине акча табышы керек. Анан да үйлөнүш үчүн алар калың төлөшү керек. Ошондуктан, көбүнчө 18-19 жаштагы жаш жигиттер келет. Алар бул жакка кандай жумуш болбосун, аз маяна болсо да иштөөгө макул болуп келишет. Ошонтип, бул жактан тапкан акчасына барып үйлөнүп, 3-4 балалуу болгуча өз мекенинде иштешет. Бирок, өз өлкөсүндөгү айлык маянанын азыдыгынан улам кайрадан балдарын багуу үчүн иштеп, акча табып келүүгө Россияга келишет», - деди ал.
Валентина Чупик белгилегендей, мигранттар жылына 160 миллиард рублга жакын салык төлөшөт.
"Мигранттар Россияга мунай өнөр жайынын деңгээлиндей киреше алып келип жатат", - деп кошумчалады ал.
Белгилей кетсек, Россиянын аймагында жүргөн эмгек мигранттарынын иштеген жерлеринде, жашаган батирлеринде 15-марттан баштап, алардын документтеринин мыйзамдуулугун текшерүү күчөгөнү айтылган.
Муну Россиянын күч органдары ушул жылдын 15-мартында Россияда миграциялык жеңилдиктерди берүүнүн убактысы бүткөндүгүнө байланыштырууда. Ага утурлай эле, Кыргызстандын Элчилиги кыргыз жарандарын Россиянын аймагында өздөрүнүн миграциялык жүрүүсүн тез арада мыйзамдаштыруу зарылчылыгы тууралуу бир нече жолу маалымдаган.
Добавить комментарий ×