Россияда кыргыз кыз дааратканада көз жарып, наристени таштанды челекке ыргыткан
Россиянын Екатерингбург шаарында Кыргызстанда туулган 20 жаштагы кыз бейтапканага барбай, квартирадагы дааратканада көз жарган. Бул тууралуу «Комсомольская правда» булагы күч түзүмдөрүнө таянып кабарлаганын “Барометр” билдирет.
Аталган маалыматка таянсак, окуя 25-июлда болгон. Кыргызстандык кыз кош бойлуу болгондон кийин дарыгерге кайрылган эмес. Анын ордуна ал өзү жалдап турган квартиранын дааратканасында көз жарган.
Дааратканадан чыккан баланын үнүн коңшулары угушуп, эшикти талкалап киришип тез жардам чакыртышкан. Дарыгерлер келип баланын таштанды челекке ташталганын көрүшүп, полиция чакыртышкан.Окуя болгон жерге ыкчам-иликтөө тобу барган.
Полиция баланын энесин суракка алган кезде ал үй шартында төрөгөнүн “кыргыздын салты ушундай” деп айтып шылтоо кылган.
Ошондой эле ал баланы дааратканадан төрөгөнүн, андан соң таштанды челекке ыргытканын мойнуна алды.
“Азыр наристенин абал жакшы. Материалдар полицияга өткөрүлдү”,-деп жазды «Комсомольская правда».
Добавить комментарий ×