Элчилик: Кыргыздарды Россиядан массалык депортация кылуу байкалган жок

24 июля 2021 10:57 1584 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын жарандарын Россиянын чегинен тышкары массалык депортация кылуу же чыгаруу байкалган жок. Бул тууралуу Россиядагы Кыргызстандын элчилигине шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

Буга чейин депутат Айбек Осмонов күнүгө 200-300 жаранды Россиядан депортация кылып жатышканы тууралуу айткан эле.

Ведомстводон билдиришкендей, депортацияга Россиянын улуттук коопсуздугуна коркунуч жараткандар жана абак жайларынан бошотулган чет элдик жарандар жана жарандыгы жоктор кабылып жатат.

КРнын элчилигинин канцеляриясы жана Башкы консулдугунун маалыматы боюнча Россиянын баардык аймактарынан болгону Кыргызстандын 8 жараны чыгарылган.

Мындан тышкары Москва областынын Сахарово айылында чет элдик жарандарды жана жарандыгы жокторду убактылуу кармоочу борбордо 9 жаран кармалууда.

Ошондой эле 23-июнга карата Россиянын Ички иштер министрлигинин Москвадагы башкы башкармалыгынын атайын жайында КРнын 65 жараны, анын ичинде 12-июндагы Кузьминка окуясы боюнча административдик камакка алынган 12 жаран кармалууда.

 

Ссылка: https://barometr.kg/elchilik-kyrgyzstandyn-zharandaryn-rossiyadan-massalyk-deportaciya-kyluu-bajkalgan-zhok



Добавить комментарий