Россия Кыргызстандын алыскы аймактарына мугалимдерди жиберет
Россия Кыргызстандын аймактарына орус тилинен сабак берген мугалимдерди жиберүү мүмкүндүгүн карап жатат, пилоттук долбоор ушул жылы Бишкекте ишке ашуусу ыктымал. Бул тууралуу «Российская газета» булагына берген маегинде Кыргызстандагы Россиянын элчиси Николай Удовиченко маалымдады.
“Орус тили Кыргызстандын алыскы аймактарында жоголуп кетпеш үчүн эмне кылуу керек?” деген суроого элчи:
“Эки өлкөнүн билим берүү министрликтери менен биргеликте орус тилин айрыкча өлкөнүн алыскы аймактарында окутуу жана жакшыртуу системасынын үстүндө иштейбиз. Россиядан орус тили мугалимдерин аймактарга жөнөтүү мүмкүндүгү дагы каралып жатат. Пилоттук долбоор быйыл Бишкекте ишке кириши мүмкүн. Жалпысынан бул тармакта иштей турган иштер арбын, кайсы багытка карай бара турганыбыз тууралуу дагы түшүнүк бар”,-деп айтты Удовиченко.
Ссылка: https://barometr.kg/rossiya-kyrgyzstandyn-alysky-ajmaktaryna-mugalimderdi-zhiberet
Добавить комментарий ×