Ромашка жана петрушкадан жасалган маска
Ромашка жана петрушка абдан пайдалуу өсүмдүктүн катарын толуктайт. Айрыкча петрушка бетти агартуучу каражат болуп саналат.
Петрушкадан жасалган маска
Петрушканын ширесин сыгып аласыз, ага жумуртканын сарысын, бир чай кашык сметана кошуп аралаштырасыз. Даяр болгон аралашманы бетиңизге 15-20 мүнөт коёсуз. Андан соң, бетиңизди жылуу суу менен жууп салыңыз. Бул маскадан кийин, бетиңиз тартылып, агарып жана жылмакай болуп калганын байкоого болот.
Ромашкадан жасалган маска
Эки чоң кашык ромашканын гүлүнө, бир стакан кайнак суу куюп жыйырма мүнөт демдеп коёсуз. Даяр болгон аралашма муздаган соң, атайын идиштерге куюп муздаткычка коюп коюңуз. Ал тоңуп калганда, кубик кылып кесип алып күнүгө эртең менен бетиңизге сүртөсүз. Мындай ыкма бетиңиздеги бырыштардан арылууга жардам берет.
Ссылка: https://barometr.kg/romashka-zhana-petrushkadan-zhasalgan-maska
Добавить комментарий ×