Үрөй учурган окуя. Аксыда көчөгө таштап кеткен ымыркайдын денесин иттер тиштеп кеткен
Бөлүшүү:
Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда "жаңы төрөлгөн ымыркайды энеси ээн үйгө таштап кетип, иттер баланын денесин тиштеп" кеткен. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБ “Барометрге” окуяны тастыктап, түшүндүрмө берди.
Маалыматка ылайык, 10-март күнү Аксы РИИБдин 102 байланыш номерине Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагынын эч ким жашабаган үйдүн короосуна ымыркайдын жансыз денеси табылгандыгын кабарлаган.
“Окуя болгон жерге тергөө ыкчам тобу чыгышып, кароо жүргүзүлүп, эркек ымыркайдын жансыз денеси кийимсиз абалда, бети жана колдору жарым жартылай тытылган абалда табылган.
Бул факты Аксы РИИБдин КЖБРне табылган өлүк болуп катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда окуя боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат”, - деп айтылат маалымтта
Добавить комментарий ×