Рита Карасартова УКМКнын жетекчилиги отставкага кетиши керек деп кол чогултууда
Укук коргоочу Рита Карасартова Change.org сайтындагы петицияны түздү. Бул тууралуу ал социалдык тармакта жарыялады. Колдоо үчүн кол топтолуп жатканы баяндалат.
Рита Карасартова жарыялаган маалыматта, УКМКдагы кылмыш иши боюнча өтүп жаткандардын далилдеринин уурдалышы, Баткен облусунун прокурорунун өлүмү, кытайлык Саймаитинин киши колдуу болушу, ШИИББдагы 20 кылмыш ишинин жоголушу, ЖАМКтын тергөөчүсүнүн пара талап кылышы тууралуу жаңылыктар мамлекеттик түзүмдүн кыйроо даражасын, криминалдашканын көрсөтүп турарына токтолгон..
Биз коопсуздук органдары мамлекеттин жана ар бир жаранынын коопсуздугу үчүн коркунуч туудуруп жатканын моюнга алышыбыз керек деп билдирген
Анын ою боюнча азыркы органды реформалоо пайдасыз жана эффективдүү эмес.
Добавить комментарий ×