Рио-де-Жанейродогу "Маракана" стадионун Пеленин атынан өзгөртүү сунушталууда
Бразилиянын Рио-де-Жанейродогу белгилүү "Маракана" футболдук стадиону Бразилия курама командасынын үч жолку дүйнө чемпиону Пеленин атынан коюлушу мүмкүн. Бул тууралуу O Globo гезити жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Белгилүү футболчу Пленин урматына спорттук жайдын атын өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоору 9-март күнү штаттын мыйзам чыгаруучу органы тарабынан жактырылганы кабарланды.
Бул демилеге депутаттар тарабынан көтөрүлүп, кесиптештеринин көпчүлүгүнүн колдоосуна ээ болгон. Мыйзам долбоору шашылыш түрдө добушка коюлду. Эми документке губернатордун милдетин аткаруучу Клаудио Кастро кол коюшу керек.
“Маракана” стадиону 1950-жылы ачылган жана 1999-жылы реконструкцияланганга чейин дүйнөдөгү эң чоң стадион деп эсептелген. Ал 155 250 көрүүчүгө ылайыкталгандыгына карабастан, расмий эсептөөлөр боюнча, 1950-жылы Дүйнөлүк Чемпионаттын финалдык беттешине 199 854 күйөрман чогулуп, абсолюттук рекорд койгон. Ошол беттеш чемпионаттын ээлери үчүн ийгиликсиз болгон (алар Уругвай командасына 1:2 эсебинде жеңилип калган) жана футболдук тарыхка “Мараканасо” деген ат менен кирген.
Легендарлуу футболчу Пеле (чыныгы аты-жөнү Эдсон Арантис ду Насименту) 1957-жылы июль айында “Маракана” стадионунда Аргентина менен болгон беттеште улуттук курамада дебют жасаган. 16 жаштагы чабуулчу бразилиялыктар үчүн жалгыз гол киргизген. Пеле Бразилия курама командасындагы акыркы оюнун 1971-жылы легендарлуу стадиондо Югославияга каршы өткөргөн. Жалпысынан чабуулчу улуттук курама командада 92 беттеш өткөрүп, 77 гол киргизген. Голдордун саны боюнча Пеле дагы деле болсо улуттук курама команданын тарыхындагы эң мыкты бомбардир болуп саналат.
2020-жылдын октябрь айында футбол тарыхындагы мыкты футболчулардын бири, дүйнөнүн үч жолку чемпиону (1958, 1962, 1970) Пеле 80 жылдык мааракесин белгилеген.
Ссылка: https://barometr.kg/rio-de-zhanejrodogu-marakana-stadionun-pelenin-atynan-zgrt-sunushtaluuda
Добавить комментарий ×