Кыргызстандын тоолуу райондорунда күн күркүрөп, өткүн өтөт
Бөлүшүү:
Бүгүн, 8-августта Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө 33-38
Талас жергесинде 31-36
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында 32-38
Ысык-Көл облусунда 24-29
Нарын облусунда 26-31
Бийик тоолуу аймактарда 10-15 градус жылуу болот.
Борбор калаабыз Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы 34-36 градуска чейин ысыйт.
Ссылка: https://barometr.kg/respublikanyn-ajrym-rajondorunda-kn-krkrp-tkn-tt
Добавить комментарий ×