Республикалык штаб: Өзгөчө абал киргизүүнүн кажети жок

26 июнь 2020 11:57 1785 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Республикалык штаб өзгөчө абал киргизүүнүн кажети жок деген чечим чыгарды. Бул тууралуу брифинг учурундагы Республикалык штабдын маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

 “Шаар башчылары менен жергиликтүү бийликке коомдук жайларда, базарларда, соода борборлорунда санитардык талаптарга көзөмөлдү жана элге түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасы берилди”, - деп билдирди Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев.

Учурда мамлекеттик кызматкерлердин арасында вирус жуктургандар көп болгондуктан, аралыктан иштөө сунушталган.

“Бүгүнкү күндө, Бишкекте коронавирус тастыкталган жарандар үчүн 335 койка-орун бар. Дагы бир өзгөчөлүк JenExpert ыкмасы менен COVID-19 вирусуна текшерүү жүргүзүлө баштайт. Бул лаборатория Улуттук фтизиатрия борборуна орнотулуп, бир сааттык мөөнөттө 8 анализди текшерүү мүмкүнчүлүгүн жана 99%га чейин тактыкты берет. Азыркы учурда 6 500 тестирлөө жүргүзүүгө шарт түзүлгөн”, - деп кошумчалады Каратаев.

Ссылка: https://barometr.kg/respublikalyk-shtab-zgch-abal-kirgiznn-kazheti-zhok-degen-chechimin-chygardy



Добавить комментарий