Республикалык штаб мамлекеттик органдардын жарымын аралыктан иштөөгө өткөрүүнү сунуштады

1 июль 2021 11:17 1246 Barometr
Бөлүшүү:
ok

COVID менен күрөшүү боюнча республикалык штаб Кыргызстандагы эпидемиологиялык жагдайдын начарлашынан улам чектөө чараларын киргизүүнү сунуштады.

Сунуштар төмөнкүлөр:

1.Министрликтер менен ведомстволордун жетекчилерине кызматкерлердин 50 пайызынан кем эмессин аралыктан иштөөгө өткөрүүнү, анын ичинен жаш курагы 60 жаштан ашкандарды, өнөкөт оорусу барларды жана кош бойлуу аялдарды аралыктан иштөөгө өткөрүү

2.Уюмдардагы жана ведомстволордогу эпидемияга каршы режимди сактоону тыкыр көзөмөлгө алуу.Дезинфекциялоочу иш-чараларды дайыма жүргүзүү.

3.Министрликтер менен ведомстволорго келген адамдар менен кызматкерлерди чектөө, жыйындарды онлайн-режимде өткөрүү.

4. Баардык кызматкерлерге жагдай жакшырганга чейин коомдук тамактануучу жайларга, базарларга, соода борборлоруна, кино театрларга жана башкаларга барбоосун тапшыруу.

5. Баардык кызматкерлерди тез арада COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөрүү.

Ссылка: https://barometr.kg/respublikalyk-shtab-mamlekettik-organdardyn-zharymyn-aralyktan-ishtg-tkrn-sunushtady



Добавить комментарий