Бишкекте акындардын айтышы өтөт. Байге фонду миллион сом

1 июнь 2021 10:30 1764 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте 20-июнь күнү республикалык айтыш сынагы өтөт. Бул тууралуу "Айтыш" коомдук фондунун берген маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган мелдеш “Айтыш” фондунун 20 жылдыгына жана акын Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгына арналып уюштурулуп жатат.

19-июнда саат 10:00дө КТРКнын залында тандоо туру болот. Ал эми, айтыш, 20-июнда, саат 18:00дө  Токтогул  Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт.

Эскерте кетсек, байге фонду бир миллион сомду түзөт.

Үстубүздөгү жылдын 28-мартында "Айтыш" коомдук фондунун 20 жылдыгына жана акын Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналган айтышта баш байгени Идрис Айитбаев жеңип алган эле.

Ссылка: https://barometr.kg/respublikalyk-ajtysh-bolot-bajge-fondu-million-som



Добавить комментарий