Рэпер Тимати модель Анастасия Решетова менен расмий түрдө ажырашты

11 сентябрь 2020 18:24 606 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россиялык 37 жаштагы рэпер, актер, продюсер жана ишкер Тимур Юнусов (Тимати)  менен 24 жаштагы модель, Россиянын 1-вице-мисси, жазуучу жана ишкер айым Анастасия Решетова алты жылдык мамилелерден кийин ажырашышты. Бул тууралуу Анастасия Решетованын соц тармактагы баракчасындагы маалыматка шилтеме берип “Барометр” которду.

Маалыматта, Тимати менен Решетова мыйзамдуу түрдө эки ажырым жолго түшкөнү айтылат.

“Бул жыл жалпы жер жүзүндөгү адамдар үчүн оор болду. Анын ичинде биздин мамиле да мындай сыноого туруштук бере алган жок. Учурда биз чогуу жашабайбыз жана бир үй-бүлө эмесбиз. Биз бирге өткөргөн алты жыл абдан эмоцияларга бай болду. Бирок бул жашоодо эч нерсе түбөлүктүү эмес экен. Мен биздин айланабызда болгон ушактарга чекит коюу максатында мамилебизди ачыктоону туура көрдүм. Бирөөнүн турмушуна табалагандарга айтарым жашоодо баары айланып келип, кайра келет дегенди унутпаңыздар. Уулубуз Ратмирчик үчүн мамилебизди идеалдуу ата-эне тандемине айланта алабыз деп ишенем. Тиматиге сүйүүңүз жана чексиз колдооңуз үчүн рахмат айтам”, -деди ырчынын жубайы Анастасия Решетова

 Эске салсак, жаштар бул никесин расмий каттоодон өткөргөн эмес. Мурунку түгөйлөрдүн Ратмир аттуу уулу бар, ал октябрда бир жашка чыгат.

Ссылка: https://barometr.kg/reper-timati-model-anastasiya-reshetova-menen-rasmij-trd-azhyrashty



Добавить комментарий