"Реал Мадрид" футбол клубунун оюнчусу Тони Кроос быйыл жайында командадан эмнеге кетмей болду?

12 апрель 2019 15:38 1345 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Мадриддик "Реалдын" жарым коргоочусу Тони Кроос быйыл жайында клубдан кетүүнү пландоодо.  Маалыматка ылайык, 29 жаштагы футболчуга "Интер" жана "Ювентус" деген эки италиялык клуб кызыгууда. Эгер Тони Кроос клубдан кетсе, анын ордуна "Манчестер Юнайтедде" ойногон Поль Погба же "Тоттенхэм Хотспурдун" жарым коргоочусу Кристиан Эриксен келиши ыктымал.

Кроос "Реалда" 2014-жылдан бери ойноп келет. Быйылкы сезон ал үчүн эң начар болду, анткени 38 оюнда талаага чыгып бир гана гол киргизген.

 Буга чейин L'Equipe газетасынын маалыматы боюнча, "Реал" быйыл "Челсинин" жарым коргоочусу Эден Азар, "Манчестер Юнайтеддин" жарым коргоочусу Поль Погба жана ПСЖнын форварды Килиан Мбаппени сатыл алууну пландоодо. 

Ссылка: https://barometr.kg/real-madirid-futbol-kulubunun-oyunchusu-toni-kroos-byjyl-zhajynda-komandadan-emnege-ketmej-boldu



Добавить комментарий