"Ак шумкарлардын" Тажикстан курамасына каршы оюнуна билеттерди кайдан алса болот

14 июнь 2022 13:23 7485 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 14-июнда Кыргызстан менен Тажикстандын курама командалары арасында Азия Кубогуна жолдомо үчүн беттеш болот. Бул тууралуу кыргыз футболдук союузунун маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Эки өлкөнүн курама командаларынын беттеши бүгүн, 14-июнь саат 20:00до башталат. 

Футбол боюнча мелдеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болот. 
Анда, Кыргызстандын курама командасы "Ак шумкарлар" кызыл формада ойнойт.

Кыргыз-тажик футболчуларынын беттешин КТРК-спорт телеканалында жана KYRGYZ SPORT TV YouTube каналында түз эфир аркылуу көрсөтүлөт.

Билеттер iticket.kg сайтында жана расмий сатуу пункттарында (Joma sport дүкөнү, Дордой соода борбору, Asia mall) сатылып жатат.

Кыргызстандын курама командасы күйөрмандарынын колдоосуна муктаж! 

Келгиле, жеңишти чогуу жараталы! Бирге Алга!

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-menen-tazhikstandyn-futbolduk-meldeshine-biletterdi-kajdan-alsa-bolot



Добавить комментарий