Кыргызстандын Улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Крестинин кызматынан кетти

4 апрель 2023 10:21 662 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын Улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу кызматынан кетти. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт. 

Маалым болгондой, кыргыз футболдук союзу менен Александр Крестининдин өз ара чечими менен Кыргызстандын Улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу кызматынан кетти.

Александр Крестининдин машыктыруучу болуп турган учурунда кыргыз футболу бир топ жакшы жетишкендиктерге жетти.

Ал 2010-жыл – «Нефтчи» ФКнын башкы машыктыруучусу болуп дайындалып, клуб тарыхта биринчи жолу футбол боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону болгон.

• 2011 - «Нефтчи» ФК Суперкубоктун ээси

• 2014 - Кыргыз Республикасынын Улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалган

• 2017-жыл – «Дордой» ФКнын башкы машыктыруучусу болуп дайындалган, андан кийин клуб Кыргыз Республикасынын төрт жолку чемпиону болгон (2018-жылдан 2021-жылга чейин)

• 2017, 2018 - «Дордой» ФК Кыргыз Республикасынын Кубогунун жеңүүчүсү

• 2018 - FIFA рейтинги 146-орундан 75-орунга чейин

• 2019 - Улуттук курама биринчи жолу Азия Кубогуна чыгып, 1/8 финалга чыкты

• 2019 – «Данакер» мамлекеттик сыйлыгы

• 2019, 2021 - «Дордой» ФК Кыргыз Республикасынын Суперкубогунун жеңүүчүсү

• 2022 - Азия кубогу-2023 экинчи жолдомо

Белгилей кетүүчү жагдай, жаркын жеңиштердин бири Кыргызстандын Казакстан менен Түркмөнстанды биринчи жеңиши болду.

Бир нече жылдан бери ФИФАга мүчө өлкөлөрдүн курама командаларынын арасында туруктуу түрдө 100 мыкты командалардын катарына кирет.

Көптөгөн сыйлыктардын жана «Кыргыз Республикасынын мыкты машыктыруучусу» сыйлыгынын ээси.


Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-uluttuk-kurama-komandasynyn-bashky-mashyktyruuchusu-krestinin-kyzmatynan-ketti



Добавить комментарий