Равшан Жээнбековдун баласынын канынан кытай менен япондордун гени табылды
Мурдагы депутат Равшан Жээнбенков уулу Азат Равшан жакында ДНК тест тапшырганын ФБ баракчасына билдирди.
"Азыр дүйнөдө ДНК тест адамдын ким экендигин билгиси келсе, илимдин негизинде терең изилдөө жасап берип, таң калтырууда. Мен бул улуттунмын дегендер, каны боюнча, таптакыр башка региондон, улуттан экени дагы коп убакта чыгып калат", — деп жазды экс-депутат.
Андан сырткары Жээнбеков уулунун ДНК тестинин жыйынтыгын да жарыялаган.
Ага ылайык, Азат Равшан
70% - Борбордук азиялык, же тагыраак Кыргыз десек болот.
23% - Чыгыш азиялык (япония, корея, кытай, монголия)
3% - америкалык (индеецтер)
2% - Чыгыш европалык (венгрия, чехия, польша жб.)
1% - Скандинавиялык (викинг)
"Мындай тесттен кийин түндүк түштүк, Таластык, Көлдүк, Оштук, трайбализм, регионализм актуалдуу болбой калат", — деп билдирүүсүн жыйынтыктаган.
Ссылка: https://barometr.kg/ravshan-zheenbekovdun-balasynyn-kanynan-kytaj-menen-yapondordun-geni-tabyldy
Добавить комментарий ×