Равшан Жээнбеков Бишкек шаарынын мэрин шайлоо тууралуу кайрылуу жасады
Саясатчы Равшан Жээнбеков Бишкек шаарынын мэрин шайлоо боюнча жарандык коомго, саясатчыларга жана активдүү жарандарга кайрылуу жасады:
"Граждандык коомго!
Медиа өкүлдөрүнө!
Саясатчыларга!
Активдүү жарандарга!
Кландардын жабык, жашыруун сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы менен мэрлике, жогорку мамлекеттик кызматка келаткан адамдардын баарына, коомчулук, массалык маалымат каражаттары, граждандык коом, саясатчылар жана Бишкектиктер каршы болушу керек!
Мамлекеттик жогорку кызматтарга, өзгөчө Бишкек шаарынын мэрлигине, ачык талкуу менен, так критерийлерлердин негизинде гана кадр сунушталса туура болот. Мэр коомго позитивдүү жагынан таанымал.Бишкек мэриясы аркылуу ишкерлике тиешеси жок. Коомдук так саясий позициясы бар. Маанилүү мамлекеттик баалуулуктардын алып жүрүүчүсү өзүнүн саясий позициясын коргой алган адам болушу керек!
Мэр бул эскиден кабыл алынып калган чарбалык кызмат эмес! Мэр бул саясий, маанилүү кызмат! Мэр бул көрүнүктүү саясатчы. Мэр реалдуу, өлкөдөгү маанилуу 5 кызматтын бири! Париждин мэри Жак Ширак Франициянын президенти болгон. Лондондун мэри Борис Джонсон Англиянын тышкы иштер министри болду. Келечекте премьер министри болот. Лондондун азыркы мэри Садик Хан, Лондондуктардын Трампка каршы митинг өткөрүүсүн ачык колдогон мэр.
Саясатчылар! Граждандык коомдун өкүлдөрү, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү! Активдуу жарандар!
Бишкек регионалдык кландардын менчиги эмес! Бишкек биринчи кезекте Бишкектиктердики. Кыргызстандыкы!
Баарыңар жабык, жашыруун регионалдык кландардын жылдырган мэрлерине каршы турушуңар керек!"- деп билдирди Жээнбеков.
Ссылка: https://barometr.kg/ravshan-zheenbekov-bishkek-shaarynyn-merin-shajloo-tuuraluu-kajryluu-zhasady
Добавить комментарий ×